> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Тилектештик автобусу" Жалал-Абад облусуна сапар алат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/24/tilekteshtik-avtobusu-zhalal-abad-oblusuna-sapar-alat/
- Published: 2026-09-24T06:15:06.000Z
- Updated: 2026-09-24T06:15:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**5-7-октябрда Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын "Тилектештик автобусу" Жалал-Абад облусунда мобилдик кабыл алуу өткөрөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, иш-чара өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы тургундар үчүн уюштурулуп, анда тажрыйбалуу адвокаттар жана кеңешчилер мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте калкка бардык суроолор боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүшөт.

График: 

• 5-октябрь – Ноокен району, 

• Шамалды-Сай айыл аймагы; 

• 6-октябрь – Аксы району, Кербен шаары; 

• 7-октябрь – Ала-Бука району, Ала-Бука айыл аймагы. 

Иш-чара саат 10:00дөн 16:00гө чейин өтөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**