> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоңдо ЖИ менен айыл чарба өстүрүүнүн түшүмдүүлүгү 33%га өстү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/24/tondo-zhi-menen-aiyl-charba-osturuunun-tushumduulugu-33-ga-ostu/
- Published: 2026-09-24T06:30:07.000Z
- Updated: 2026-09-24T06:30:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Тоң районунун Аксай айылында спутниктик маалыматтар жана жасалма интеллекттин жардамы менен жүгөрү жана күн карама өстүрүү боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабаралады.**

Долбоордун алкагында айыл чарба талааларынын абалы көзөмөлдөнүп, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир эткен факторлор талданууда.

Жасалма интеллекттин жардамы менен Ысык-Көл облусунун климаттык шарттарына окшош аймактар изилденип, мындай шарттарда жакшы түшүм берген сорттор аныкталган. Анын негизинде пилоттук талаага жергиликтүү шартка ылайыктуу үрөндөр себилип, сугат суусун натыйжалуу пайдаланууга басым жасалган.

> Маалыматка ылайык, Аксайдагы пилоттук талаада сугат суусунун көлөмү көбөйтүлгөн эмес. Талаа эки жолу гана сугарылып, жүгөрү менен күн карама аралаш өстүрүлгөн. Натыйжада түшүмдүүлүк 33%га жогорулаган.

Пилоттук долбоор Кыргыз улуттук университети жана "Кыргызстан спутник" долбоору менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Спутниктик технологиялар талаанын абалын көзөмөлдөп, көйгөйлөрдү эрте аныктоого жана сууну үнөмдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Алынган жыйынтыктардын негизинде долбоордун тажрыйбасын башка райондорго жайылтуу пландалууда.