> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түптө 163 млн сомдук эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/24/tupto-163-mln-somduk-es-aluu-lageri-mamleketke-kaitaryldy/
- Published: 2026-09-24T09:00:32.000Z
- Updated: 2026-09-24T09:12:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Түп районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышын текшерүүдө мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, 2008-жылы Ысык-Көл айыл аймагындагы Түп мамлекеттик атайын чарбасына таандык эс алуу лагеринин мүлктүк комплекси 6 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен.

Прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы **163 млн 945 миң сомдук** комплекс жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды.

Социалдык багыттагы объекттер менчиктештирүүгө жатпайт жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылууга тийиш экени белгиленди.