> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жээнбек Кулубаев Норвегиянын Тышкы иштер министри менен жолугушту
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/24/zheenbek-kulubaev-norvegiianyn-tyshky-ishter-ministri-menen-zholugushtu/
- Published: 2026-09-24T04:15:29.000Z
- Updated: 2026-09-24T04:15:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**23-сентябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Норвегиянын Тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-норвег мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, саясий диалогду, анын ичинде тышкы иштер ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Өзгөчө көңүл региондор аралык кызматташтыкка бурулуп, "Борбордук Азия - Түндүк Европа" форматындагы диалогдун актуалдуулугу жана практикалык мааниси белгиленди. Анын алкагында жашыл экономика, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана транспорттук өз ара байланыштуулук чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелери каралды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**