> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Араванда пахта терүү башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/25/aravanda-pakhta-teruu-bashtaldy/
- Published: 2026-09-25T08:24:03.000Z
- Updated: 2026-09-25T08:24:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош облусунун Араван районунда пахта жыйноо башталды. Быйыл райондо 1 252 гектарга пахта айдалган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.**

> Дыйкандардын маалыматына ылайык, быйыл түшүм мол болуп, гектарынан 60–70 центнерге чейин түшүм алынууда. Райондо негизинен кытайлык "Элита" сорту өстүрүлүүдө.

Пахта өндүрүүдө тамчылатып сугаруу сыяктуу сууну үнөмдөөчү технологиялар колдонулуп жатат. Түшүм жыйноодо комбайндар пайдаланылып, бул дыйкандар үчүн экономикалык жактан үнөмдүү болууда.

Жыйналган пахта жергиликтүү кабыл алуучу ишканаларга өткөрүлүп, негизинен Кытай, Иран, Россия жана башка өлкөлөргө экспорттолот. Пахтанын баасы дүйнөлүк биржадагы бааларга жараша аныкталат.

Айыл чарба министрлиги пахта өндүрүүчүлөрдү колдоо жана заманбап технологияларды жайылтуу иштерин улантууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**