> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 15 кабаттуу бизнес-борбордун курулушу токтотулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/25/bishkekte-15-kabattuu-biznes-borbordun-kurulushu-toktotuldu/
- Published: 2026-09-25T04:20:29.000Z
- Updated: 2026-09-25T04:20:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имаратты текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, текшерүү Байтик Баатыр көчөсү 23–25 жана Кошевой көчөсү 31, 31А, 33, 38 даректериндеги 15 кабаттуу бизнес-борбордо жүргүзүлдү. Учурда имараттын 10-кабаты курулуп жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө биринчи кабаттагы колонналарда көңдөйлөр пайда болгону жана бетон аралашмасын куюуда жетиштүү тыгыздалбаган учурлар аныкталган. Лабораториялык изилдөө үчүн адистер тарабынан үлгүлөр алынды.

Жыйынтыгында:

• курулушту жүргүзгөн "Ивен КЗ" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды;

• курулуш иштери токтотулду;

• компания кара тизмеге киргизилип, 

• лицензиясы токтотулду;

• прораб Чынгыз Абдыжалиловдун жана техкөзөмөл адиси Канжарбек Толомушовдун сертификаттары жокко чыгарылды;

• көзөмөл жүргүзгөн департаменттин жооптуу инспектору кызматынан бошотулду.