> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте акысыз кан тапшыруу акциясы өтүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/25/bishkekte-akysyz-kan-tapshyruu-aktsiiasy-otuudo/
- Published: 2026-09-25T03:40:48.000Z
- Updated: 2026-09-25T03:40:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Республикалык кан борборунда ыктыярдуу донорлордон кан топтоо боюнча акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, акция саат 08:00дөн 14:00гө чейин Чыңгыз Айтматов проспекти, 60 дарегинде өткөрүлөт. Кан акысыз жана кайтарымсыз негизде кабыл алынат.

Кан тапшырууга даярдануу эрежелери:

• 48 саат мурун - алкоголдук ичимдиктерди колдонбоо;

• 72 саат мурун - аспирин жана анальгетиктер бар дарыларды ичпөө;

• бир күн мурун - майлуу, ачуу, ышталган тамактардан, сүт азыктарынан жана кофенинен баш тартуу;

• эртең менен - жеңил тамактанып, таттуу чай ичүү;

• бир саат калганда - тамеки чекпөө.