> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль утуп, дагы бир финалга чыкты
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/25/denis-petrashov-aziia-oiundarynda-kumush-medal-utup-dagy-bir-finalga-chykty/
- Published: 2026-09-25T07:00:57.000Z
- Updated: 2026-09-25T07:00:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди.** **Бул тууралуу** **Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.**

> Билдирүүгө караганада, спортчу 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча финалда аралыкты **2 мүнөт 08,67 секундда** басып өтүп, экинчи орунду ээледи. Бул көрсөткүч менен Петрашов өзүнүн спорттук карьерасындагы рекордун жаңылады.

24- сентябрда, спортчу сыйлоо аземине катышып, Азия оюндарынын күмүш медалын алды. Бул Кыргызстандын XX Азия оюндарындагы алгачкы күмүш медалы болуп саналат.

Мындан тышкары, бүгүн, 25-сентябрда Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыкта **27,45 секунд** убакыт көрсөтүп, биринчи болуп финалга чыкты.