> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/25/manas-bazhysynda-smart-bazhy-sistemasy-26-sentiabrdan-tarta-ishke-kiret/
- Published: 2026-09-25T11:10:25.000Z
- Updated: 2026-09-25T11:10:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.**

> Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду.

ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө учурунда кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, бажы жол-жоболору боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Санариптик чечимдер бажылык жол-жоболоштуруу мөөнөтүн кыскартып, кызмат сапатын жогорулатууга жана тоскоолдуктарды азайтууга багытталган.