> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/25/prezidenttikke-talapkerlerdin-shailoo-fondu-uchun-eki-bank-anyktaldy/
- Published: 2026-09-25T09:20:56.000Z
- Updated: 2026-09-25T11:26:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**БШК бүгүнкү жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "АБанк" ААКсын аныктады. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.**

> Маалым болгондой, аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын которууга уруксат берилди.

Мыйзамга ылайык, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү.

Фонд төмөнкү булактардан түзүлөт:

• талапкердин, партиянын өздүк каражаттары;

• жарандар жана юр. жактардын ыктыярдуу салымдары.

Каражаттар БШК аныктаган банктардагы атайын эсепке которулат. Накталай эмес төлөм же касса аркылуу накталай түрдө киргизилет. Анонимдүү салымдарга тыюу салынат.