> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/25/uluttuk-gospitalga-68-mln-somduk-zhabduu-berildi-operatsiia-sany-2-ese-koboiot/
- Published: 2026-09-25T09:00:27.000Z
- Updated: 2026-09-25T09:00:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад аль-Касиминин сапарында көтөрүлгөн.

Долбоор ишке ашып, 2026-жылдын башында бөлүмгө жалпы **68 млн 144 миң 792 сомдук** жабдуу жеткирилип орнотулду.Берилген жабдуулардын катарында тонометр, периметр, Meridian MKQ SLT лазердик системасы, томограф, операциялык микроскоп, фундус-камера, УЗИ аппараты, биометр жана катарактага каршы аппараттар бар.

Улуттук госпиталдын маалыматы боюнча, азыр бөлүмдө жылына 1 500 - 1 800 операция жасалат. Жаңы жабдуулар менен бул көрсөткүчтү 3 000 - 3 500гө чейин жеткирүүгө болот.

Мындан тышкары, кызматташтыктын алкагында Аламүдүн районунун Октябрь айылында **23 млн 636 миң 841 сомго** үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулуп берилди.