> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/25/ysyk-koldo-myizamsyz-salyngan-32-obekt-anyktalyp-2-4-mln-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-09-25T10:15:44.000Z
- Updated: 2026-09-25T10:15:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Ысык-Көл башкармалыгы Бишкек шаардык экологиялык прокуратуранын көрсөтмөсү менен текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылындагы курорттук-рекреациялык объектилер, конок үйлөр жана туристтик жайлар пландан тышкары текшерилди.

Жыйынтыгында 32 объект шаар куруу мыйзамдарын бузуу менен салынганы аныкталды.

Мыйзам бузууларды жоюу боюнча актылар түзүлүп, жалпы **2 млн 420 миң сом** айып пул салынды.