> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/26/aiyl-charbasyndagy-aialdardyn-rolun-kuchotuu-maselesi-talkuulandy/
- Published: 2026-09-26T10:00:02.000Z
- Updated: 2026-09-26T10:00:01.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты.

Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы көйгөйлөрү талкууланды.

Жыйында Гендердик кеңеш түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн "Агро Айым" аялдар кыймылын түзүү сунушталды. Ошондой эле демилгелерди ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүү демилгеси көтөрүлдү.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**