> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/26/bishkekte-komandalyk-shtabdyk-mashyguu-ottu/
- Published: 2026-09-26T05:30:27.000Z
- Updated: 2026-09-26T05:30:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити.**

> Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери.

Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков жана ӨКМдин шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Алексей Мусаров катышты.

Жетекчилик курам жана "Бишкексууканал" ишканасынын Жарандык коргонуу түзүмдөрү тартылып, өзгөчө кырдаалга даяр күч-каражаттар жана жабырлануучуларды жайгаштыруу үчүн чатыр модулдары көрсөтүлдү.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**