> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/26/eku-olkoloru-birgeleshken-zavod-achuunu-talkuulady/
- Published: 2026-09-26T08:00:58.000Z
- Updated: 2026-09-26T08:00:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП **1 трлн 396,8 млрд сомду** түзүп, өсүү 111% болду. Өнөр жай өндүрүшү **600,8 млрд сомго** жетип, 8,8%га өстү.

Кыргызстан жеңил өнөр жай, машина куруу, электротехника, химия, фармацевтика жана курулуш материалдарын өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорго кызыкдар экенин билдирди. Чакан жана орто бизнести тартуу, биргелешкен ишкана түзүү жана технология алмашуу сунушталды.

Ошондой эле январь-июлда негизги капиталга инвестиция 58,8%га өскөнү белгиленди. Кыргызстан ЭКУнун өнөр жай боюнча региондук стратегиясын иштеп чыгууну колдойт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**