> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/26/fermerler-nasyiany-onlain-alat-idyikan-toluk-sanaripteshtirilet/
- Published: 2026-09-26T03:01:49.000Z
- Updated: 2026-09-26T03:01:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Фермерлер банкка барбай, документ чогултпай, кезек күтпөй насыя ала турган формат каралууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, "iDyikan" платформасын толук онлайн-кредиттөөгө өткөрүү маселеси министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин катышуусунда банк өкүлдөрү менен талкууланды.

Учурда платформада фермерлер катталып, электрондук арыз берет жана онлайн-кезекке туруп, статусун көзөмөлдөйт. 15-апрелден бери "Айыл Банкка" 762, "Элдик Банкка" 255 арыз түшкөн.

Жаңы этаптын максаты - онлайн-кезектен онлайн-кредиттөөгө өтүү. Фермердин санарип профили түзүлүп, мамлекеттик системалардан маалымат автоматтык алынат.

Келечекте "iDyikan" аркылуу жеңилдетилген эле эмес, коммерциялык насыя, инвестиция жана техника лизингин да бир терезеден алуу мүмкүн болот.