> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/26/kambar-ata-1-gesi-boiuncha-uchunchu-raundduk-suiloshuulor-almatyda-ottu/
- Published: 2026-09-26T06:30:19.000Z
- Updated: 2026-09-26T06:30:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов, Казакстандан биринчи вице-министр Нурлан Алдамжаров, Өзбекстандан министрдин биринчи орун басары Умид Мамадаминов жетектеди. Дүйнөлүк банк байкоочу катары катышты.

Тараптар макулдашуунун долбоорун, биргелешип башкаруу механизмдерин, каржылоо ыкмаларын талкуулады.

Эске салсак, 1-раунд Бишкекте 31-март – 2-апрелде, 2-раунд Ташкентте 28-30-апрелде өткөн.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин кубаттуулугу 1 860 МВт, жылдык өндүрүшү болжол менен 6 млрд кВт/саат болот.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**