> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/26/kyrgyzstan-menen-benin-vizalyk-talaptardan-oz-ara-boshotuldu/
- Published: 2026-09-26T09:30:36.000Z
- Updated: 2026-09-26T09:30:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар Саясий консультациялар жөнүндө меморандумга жана дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери үчүн визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**