> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/26/kyrgyzstan-menen-niger-diplomatiialyk-mamile-ornottu/
- Published: 2026-09-26T10:30:38.000Z
- Updated: 2026-09-26T10:30:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстан менен Нигер ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.**

> Маалым болгондой, документке тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бакари Яу Сангаре кол коюшту.

Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Нигер менен байланышты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ошондой эле тараптар БУУ, Ислам кызматташтык уюму жана башка аянтчалар алкагындагы кызматташтыкты талкуулап, достук мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**