> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/26/niu-iorkto-kyrgyzstan-menen-gaiti-ortosunda-tarykhyi-dokumentke-kol-koiuldu/
- Published: 2026-09-26T11:30:17.000Z
- Updated: 2026-09-26T11:30:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду.

Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү, анын ичинде Гаити менен байланышты өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдар алкагындагы кызматташтыкты талкуулап, достук мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**