> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/26/tooluu-aimaktagy-ishkerlerge-50-min-dollardan-grant-berilet/
- Published: 2026-09-26T08:30:40.000Z
- Updated: 2026-09-26T08:30:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда.

> Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер, жаштар жана аялдар башкарган демилгелер, кол өнөрчүлөр, бейөкмөт уюмдар катыша алышат.

Багыттар - дары чөптөр, мөмө-жемиш, сүт азыктары, балчылык, жүн жана кол өнөрчүлүк, агротуризм жана башка.

Тандалгандар инкубациядан өтүп, 15 миңден 50 миң долларга чейин грант жана акселерация алат.

Өтүнмө берүү: [https://fao-grants.smapply.io24-сентябрда](https://fao-grants.smapply.xn--io24--8vegyh4f8aip6p), саат 14:00дө программа боюнча вебинар өтөт. Суроо-жооп сессиялары 30-сентябрь, 7 жана 14-октябрда. Байланыш: MP-BIA@fao.org