> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/27/ak-talaada-15-turak-uidu-korgoo-uchun-damba-kuruluuda/
- Published: 2026-09-27T09:00:43.000Z
- Updated: 2026-09-27T09:00:42.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти.**

Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда.

> Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш менен эки катар бекемделсе, 333 метри бетондоо менен жасалат.

Учурда 170 метр дамбанын негизи даяр болуп, калган жумуштар улантылууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**