> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/27/kulubaev-niu-iorkto-ekunun-tyshky-ishter-ministrlerinin-zhyiynyna-katyshty/
- Published: 2026-09-27T04:30:50.000Z
- Updated: 2026-09-27T04:30:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйында аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле ЭКУну өнүктүрүүнүн келечек багыттары талкууланды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**