> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/27/kyrgyzstan-iran-menen-prezidentterdin-makuldashuularyn-ishke-ashyruunu-talkuulady/
- Published: 2026-09-27T06:00:00.000Z
- Updated: 2026-09-27T06:00:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

> Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды.

Өзгөчө көңүл президент **Садыр Жапаровдун** Иран президенти **Масуд Пезешкиан** менен 31-августта Бишкекте өткөн жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга бурулду.

Тараптар кыргыз-иран мамилелерин мындан ары чыңдоо жана артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүү маанилүү экенин белгилешти.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**