> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/27/kyrgyzstan-menen-alzhir-kyzmattashtykty-keneituugo-makuldashty/
- Published: 2026-09-27T03:00:24.000Z
- Updated: 2026-09-27T03:00:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди.

Ошондой эле БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө жана координацияны чыңдоого өзгөчө басым жасалды.

Тараптар достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**