> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/27/kyrgyzstan-menen-gabon-tyshky-ishter-ministrlikteri-ortosunda-memorandumga-kol-koiuldu/
- Published: 2026-09-27T07:30:29.000Z
- Updated: 2026-09-27T07:30:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги алдыдагы ишмердигине бурулду.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн ТИМдери ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү боюнча меморандумга кол коюлду. Тараптар конструктивдүү кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**