> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/27/kyrgyzstandyn-suuda-suzuu-boiuncha-kurama-komandasy-aziia-oiundarynan-kaityp-kelishti/
- Published: 2026-09-27T10:00:27.000Z
- Updated: 2026-09-27T12:36:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти**. Бул тууралуу **Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.**

Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана агенттиктин өкүлдөрү, машыктыруучулар, жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.

Эске салсак, Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы ХХ Азия оюндарынын алкагында өлкө намысын коргоп, улуттук курама командасынын мүчөсү **Денис Петрашов** сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта **күмүш медаль жеңген.**

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**