> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/27/narynda-ekspo-demilge-respublikalyk-synagy-taanyshtyryldy/
- Published: 2026-09-27T08:00:42.000Z
- Updated: 2026-09-27T12:37:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.**

> Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Эксперт долбоор президенттин "Улуттук нарк - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун ишке ашыруу максатында уюштурулганын белгиледи.

Максаты — улуттук интеллектуалдык жана руханий дараметти бириктирип, өнүгүүгө багытталган мыкты идеяларды тандоо жана ишке ашыруу.

Демилгенин үч багыты бар: 

- Адам капиталы жана мамлекеттик түзүлүш;
- Экономика, технологиялар жана инновациялар;
- Улуттук идентиттүүлүк жана маданий баалуулуктар.

Мамбетова аймактардан чыккан демилгелерди колдоо маанилүү экенин айтып, нарындыктарды активдүү катышууга чакырды. Мыкты долбоорлор республикалык деңгээлде колдоого алынат.