> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/27/toraga-mamataliev-kara-kulzhada-zhol-mektep-zhana-sugat-koigoiloru-menen-taanyshty/
- Published: 2026-09-27T07:00:53.000Z
- Updated: 2026-09-27T07:00:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалым болгондой, сапарга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева жана Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев коштоп барды.

Кызыл-Суудагы көпүрө – Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун 34,6-чакырымындагы көпүрө 17 айылды район борбору менен байланыштырган жалгыз жол. Жаан-чачында суу көтөрүлүп, кооптуу абал жаралууда. Жаңы көпүрө 2026-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, долбоору даярдалууда. Төрага маселени ыкчам чечүүнү тапшырды.

Сай айылындагы Ак-Талаа участогунда 153 га жерди, анын ичинде 110 га кайрак жерди сугаруу долбоору сунушталды. Айылда 534 үй-бүлө жашайт. Орто-Талаа жана Токбай-Талаа айылдарында 215 га жерди сугаруу долбоору да каралды - бул айылдарда 921 кожолук бар.

Көндүк айылындагы Сабыркул атындагы мектеп 1984-жылы салынган, 2014-жылы авариялык деп табылган. 164 окуучу билим алат. 150 орундуу жаңы мектептин документтери даяр, бирок курулуш башталбай жатат.

Ылай-Талаа - Гүлчө жолунун узундугу 50 км. Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом бөлүнүп, 2025-жылы иш башталган. Учурда жол 14 метрге чейин кеңейтилип, 4 км аралыкка асфальт төшөлдү.

Маматалиев бардык көтөрүлгөн маселелерди сапаттуу жана мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.