> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчыда сапатсыз жол салган 3 компанияга 105 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/28/balykchyda-sapatsyz-zhol-salgan-3-kompaniiaga-105-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-09-28T07:50:41.000Z
- Updated: 2026-09-28T07:50:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы Балыкчы шаарындагы Кулакунов, Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү жол жана тротуарларды реконструкциялоодо мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.**

> Министрлик билдиргендей, текшерүүдө асфальт-бетон жабуусу жука жана сапатсыз салынганы, суу өткөрүүчү курулмалар, тротуарлар, коргоочу жана таяныч элементтерди орнотууда кемчиликтер бар экени белгилүү болгон. Айрым жерлерде лотоктордун туташтыруучу бөлүктөрү сапатсыз аткарылган.

Мындан тышкары айрым тилкелерде негизди тазалоо жана битум эмульсиясы менен алдын ала иштетүү талаптары сакталбастан асфальт төшөлүп, инженердик кудуктардын белгилери жол деңгээлине дал келбегени аныкталды.

Жыйынтыгында "Чу Прокси", "4 Энерджи" жана "Капитал Консалт" ЖЧКларына жалпы 105 миң сом айып пул салынды. Кемчиликтерди подрядчылар өз каражатынын эсебинен жоюуга милдеттендирилди.

Учурда демонтаждоо иштери жүрүп, аткарылышы көзөмөлгө алынды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**