> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир жумада 38 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/28/bir-zhumada-38-minden-ashuun-zhol-erezhe-buzuu-anyktaldy/
- Published: 2026-09-28T05:20:45.000Z
- Updated: 2026-09-28T05:20:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Өлкө аймагында бир жума ичинде 38 миң 531 жол эреже бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.**

Алдын ала маалымат боюнча, 18-сентябрдан 24-сентябрга чейин аныкталган бузуулар:

• тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 5 691;

• мас абалында унаа башкаруу – 395;

• терезени мыйзамсыз караңгылатуу – 449;

• жөө жүргүнчүлөр тарабынан эреже бузуу – 1 913;

• эксплуатация эрежелерин бузуу – 6 034;

• авто ээнбаштык – 39;

• ылдамдыкты ашыруу – 1 572;

• жасалма мамлекеттик номер менен башкаруу – 9;

• башка эреже бузуулар – 19 012.

Эреже бузгандыгы үчүн 3 417 унаа айып короого токтотулган. ИИМдин ЖКККББсы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**