> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Gobon Group Кыргызстанга ири инвестиция салат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/28/gobon-group-kyrgyzstanga-iri-investitsiia-salat/
- Published: 2026-09-28T09:50:42.000Z
- Updated: 2026-09-28T09:50:42.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Gobon Group "Кыргыз Республикасындагы соода-экономикалык аймак" долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.**

> Маалымдалгандай, долбоор сооданы, көргөзмө ишмердүүлүгүн, продукцияны кайра иштетүүнү, кампа логистикасын жана тиешелүү инфраструктураны бириктирген заманбап көп функционалдуу аянтчаны түзүүнү карайт.

Сунушталган концепцияга ылайык, долбоор толук ишке киргенден кийин 10 миңге жакын жумуш орду түзүлөт.

Меморандум инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана өлкөнүн транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/1790570866506-48t23rsm.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/1790570858133-2qm5m022.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/1790570866543-mwgctrp7.jpg)

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**