> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан БУУда пандемияга даярдык боюнча демилгесин сунуштады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/28/kyrgyzstan-buuda-pandemiiaga-daiardyk-boiuncha-demilgesin-sunushtady/
- Published: 2026-09-28T03:35:34.000Z
- Updated: 2026-09-28T03:35:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын пандемиялардын алдын алуу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынында чыгып сүйлөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, ал биологиялык коркунучтарга каршы эл аралык кызматташтыкты күчөтүү жана глобалдык милдеттенмелерден практикалык чараларга өтүү зарылдыгын белгиледи.

Министр Кыргызстан ДССУнун борбордук ролун колдой турганын, вакциналарга, диагностикага жана дарыларга адилеттүү жетүүнү, технологияларды өткөрүп берүүнү жана улуттук өндүрүштү өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептей турганын айтты.

Ал Кыргызстанда "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы киргизилип жатканын, Sanarip Clinic сыяктуу санариптик платформалар эпидемиологиялык көзөмөлдү жакшыртуу үчүн колдонулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле лабораториялык тармактар модернизацияланып, медицина кызматкерлери даярдалып жатканы айтылды.

Сөзүнүн соңунда Осмонов алдын алууга, эрте эскертүү системаларына жана саламаттык сактоо системасынын туруктуулугуна инвестициялоо керектигин белгилеп, Кыргызстан көп тараптуу кызматташтыкка берилгендигин ырастады.