> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Улуу Британия минералдык ресурстар жаатында кызматташууну талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/28/kyrgyzstan-menen-uluu-britaniia-mineraldyk-resurstar-zhaatynda-kyzmattashuunu-talkuulady/
- Published: 2026-09-28T08:18:39.000Z
- Updated: 2026-09-28T08:18:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев Улуу Британиянын Азербайжан жана Борбор Азия боюнча соода өкүлү, Лорддор палатасынын мүчөсү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгын өнүктүрүү, маанилүү минералдык ресурстар, инвестиция тартуу, келечектүү объекттерди геологиялык изилдөө жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл экологиялык коопсуздук, туруктуу өнүгүү, геологиялык маалыматтардын сапатын жогорулатуу жана квалификациялуу кадрларды даярдоого бурулду.

Жыйынтыгында тараптар техникалык консультацияларды жана практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга, стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**