> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 1,9 млн тонна дан жыйналды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/28/kyrgyzstanda-1-9-mln-tonna-dan-zhyinaldy/
- Published: 2026-09-28T06:50:40.000Z
- Updated: 2026-09-28T06:50:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Өлкө боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жана дүң жыйымы былтыркыга караганда өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, дан эгиндери **562,6 миң гектардан** жыйналып, жалпы аянттын 91,1% түздү. **1 млн 937,6 миң тонна** дан жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 29,8 ц/га болду. Чүй облусу **699,4 миң тонна** менен алдыда.

Жашылча 43,7 миң гектардан жыйналып, **757,2 миң тонна** алынды. Картошкадан **671,8 миң тонна** жыйналып, түшүмдүүлүк 162 ц/га болду. Ысык-Көл облусу **257,2 миң тонна** менен алдыңкы орунда.

Бахча өсүмдүктөрү 86% жыйналып, **211,1 миң тонна** продукция алынды. Түштүктө пахта жыйноо уланууда, учурда **3 миң тонна** жыйналды. Май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы **8,7 миң тонна**.

Чүй облусунда кант кызылчасын казуу башталды. Министрлик түшүмдү өз убагында, жоготуусуз жыйноо иштерин көзөмөлдөп жатат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**