> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто болбогон концертке билет саткан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/28/oshto-bolbogon-kontsertke-bilet-satkan-aldamchy-karmaldy/
- Published: 2026-09-28T08:56:34.000Z
- Updated: 2026-09-28T11:03:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандарды алдап, пландаштырылбаган концертке билет сатып жүргөн жаран кармалды.** 

Маалым болгондой, Ош шаарында 1989-жылы туулган, учурда ар кайсы даректе жашап жүргөн **М.С.** Ош шаарынын аймагында жабырлануучу жарандан “Өзбекстан Республикасынан эстрада жылдыздарынын концертин Ош шаарында уюштураарын, түшкөн каражатты бөлүшөөрүн” айтып алдап, **10,000 АКШ доллар** акчасын накталай алып, убадасына турбай изин жашырып кеткен.

Мындан сырткары, 2026-жылдын август айында интернет **социалдык тармактары** (Инстаграм, Фуйсбук, Телеграм) аркылуу “2026-жылдын 26-сентябрь күнү Ош шаарынын “Бабур” театрында Өзбекстандын эстрада жылдыздары катышкан чоң шоу концерт болот” деп жарнама кылып, ар бир билеттин баасы **2000-4500 сомдон сатып**, жараандарды алдап качып кеткен. 

> Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, азыр арыз менен кайрылган жарандардын саны **9 адамга** жетти. Учурда КРнын КЖКнын 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн баш коргоо чарасы 19-сентябрь күнү Ош шаарынын сотунда каралып, **2 айга абакта** кармоо чечими чыкты.

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү бул жарандан **жабыркагандар болсо**, Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылууну сунуштайт.