> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлгө 800 миң карп-сазандын чабактары коё берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/28/ysyk-kolgo-800-min-karp-sazandyn-chabaktary-koio-berildi/
- Published: 2026-09-28T11:14:05.000Z
- Updated: 2026-09-28T11:14:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**25-26-сентябрь күндөрү Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы бөлүмү тарабынан Ысык-Көл көлүнө карп-сазан балыгынын чабактарын коё берүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматы, Улуттук илимдер академиясынын Биология институту, ветеринардык башкармалыктын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жалпы 800 миң даана чабак көлгө куйган дарыяларга төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп коё берилди:

• Караталаа айылы - 7 участокко 200 миң даана;

• Тоң айылы - 15 участокко 200 миң даана;

• Тосор айылы - 19 участокко 200 миң даана;

• 40 участокко - 200 миң даана.

Иш-чара Ысык-Көлдүн балык ресурстарын сактоо жана экосистеманын биологиялык ар түрдүүлүгүн колдоо максатында жүргүзүлдү.