> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2027-жылы Кыргызстан IV КМШ өлкөлөрүнүн Оюндарын өткөрөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/29/2027-zhyly-kyrgyzstan-iv-kmsh-olkolorunun-oiundaryn-otkorot/
- Published: 2026-09-29T03:13:50.000Z
- Updated: 2026-09-29T03:13:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**27-сентябрда Алмата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин жыйыны болуп, ага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын жана КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.**

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө аталган агенттиктин делегациясын Укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын башчысы Нурсултан Курманалы уулу жетектеп, баяндама жасады.

- Отурумдун жыйынтыгында **2027-жылы IV КМШ** өлкөлөрүнүн оюндарын **Кыргызстанда өткөрүү** чечими кабыл алынды**.**
- Ошондой эле Кеңеш **Бишкек шаарына** 2027-жылы **“Шериктештиктин спорттук борбору”** ардактуу **статусун берүү** демилгесин бир добуштан колдоду.
- Мындан тышкары, **келерки жылы** Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешке **төрагалык кылуу укугу Кыргызстанга** берилди.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**