> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 63 жылдан кийин Араванда архитекторлор үчүн жаңы имарат курулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/29/63-zhyldan-kiiin-aravanda-arkhitektorlor-uchun-zhany-imarat-kuruldu/
- Published: 2026-09-29T04:36:08.000Z
- Updated: 2026-09-29T04:36:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош облусунун Араван районунда архитектура башкармалыгы үчүн жаңы административдик имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабралады.**

> Маалымдалгандай, имараттын курулушу 2026-жылдын 19-январында башталып, жалпы аянты 580 чарчы метрди түзөт. Долбоор Курулуш министрлигинин ички ресурстарынын эсебинен каржыланып, кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.

Буга чейин башкармалык 1963-жылы курулган эски имаратта иштеп келген.

Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө бүгүнкү күндө министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул аймактардагы мамлекеттик мекемелердин базасын чыңдап, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/825292408_1603248034607573_2433350984009856592_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/825293014_1603248074607569_1690957682107210041_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/825292091_1603247994607577_1008082049150902841_n.jpg)

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**