> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аймактарга 186 тонна жайыт чөбүнүн үрөнү жеткирилүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/29/aimaktarga-186-tonna-zhaiyt-chobunun-uronu-zhetkiriluudo/
- Published: 2026-09-29T04:48:17.000Z
- Updated: 2026-09-29T04:48:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда кунарсыз жерлерди жакшыртуу жана деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү үчүн аймактарга 186 тоннадан ашык жайыт чөптөрүнүн үрөнү жеткирилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрдө жерлерди үрөн себүүгө даярдоо жана себүү иштери башталат.

Жалпы үрөндүн ичинен 20 486 килограммы дражирленип себилет. Дражирлөө - ар бир үрөндү коргоочу жана азыктандыруучу заттар менен каптап, өнүп чыгуусун жакшыртуу ыкмасы.

Бул багытка республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнүп, ага 186 440 кг үрөн сатылып алынган. Анын ичинде шалбаа бетегеси, кылкансыз түбү бош, райграс жана эспарцет сыяктуу чөптөрдүн үрөндөрү бар.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**