> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/29/bishkekte-myizamsyz-alyngan-5-tonna-endik-osumdugunun-tamyry-orttoldu/
- Published: 2026-09-29T06:39:28.000Z
- Updated: 2026-09-29T06:39:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкектин Пригород айылында сатууга жана өлкөдөн чыгарууга даярдалган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, 5 тонна тамыр соттун чечими жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, атайын комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра иштетүүчү заводунда толугу менен өрттөлдү.

Белгилей кетсек, эндик Кыргызстандын сейрек жана баалуу өсүмдүктөрүнүн катарына кирет. Аны мыйзамсыз казып алуу жана сатуу мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Эндиктин тамыры дарылык касиетке ээ болуп, элдик медицинада кеңири колдонулат. Ошондой эле ал тоо экосистемаларынын тең салмактуулугун сактоодо жана топурак эрозиясын алдын алууда маанилүү ролду ойнойт.

Министрлик сейрек өсүмдүктөрдү коргоо жана мыйзамсыз жыйноого жол бербөө боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү улантат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**