> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коргоо министри Өзбекстан элчиси менен жолугушту
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/29/korgoo-ministri-ozbekstan-elchisi-menen-zholugushtu/
- Published: 2026-09-29T10:08:11.000Z
- Updated: 2026-09-29T10:08:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Коргоо министрлигинде министр Руслан Мукамбетов Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды. Атап айтканда, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен иш-чаралар жана аскер кадрларын даярдоо маселелери каралды.

Ошондой эле Кыргызстанда өтө турган КМШ Коргоо министрлер кеңешинин жыйынына даярдык талкууланды.Тараптар коргонуу жаатындагы байланыштарды чыңдоого даяр экенин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/828533186_1412044444402971_314660086233651657_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/825997922_1140981631771802_3901437288531321789_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/828532985_3695004107342891_7103682828137199361_n.png.jpeg)