> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/29/kyrgyzstan-menen-turkiia-zhany-ekonomikalyk-dolboorlordu-talkuulady/
- Published: 2026-09-29T06:24:58.000Z
- Updated: 2026-09-29T06:24:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.**

> Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бакыт Сыдыков акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы орточо 10,2% өскөнүн белгилеп, бул биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

Абдуллах Эрен ТIКА Кыргызстандын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду колдоону улантууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечектүү жана өз ара пайдалуу багыттар боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**