> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында топурак-агрохимиялык лаборатория ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/29/narynda-topurak-agrokhimiialyk-laboratoriia-achyldy/
- Published: 2026-09-29T09:17:41.000Z
- Updated: 2026-09-29T09:17:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Нарын облусунда жаңы топурак-агрохимиялык лаборатория ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Нарыноблусундагы өкүлчүлүгү билдирди.**

> Маалым болгондой, ал Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Нарын лабораториясынын алдында ачылды.

Ачылышка департаменттин директору Максат Кочеров, президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн агрардык бөлүм башчысы Кыялбек Абакиров жана жергиликтүү дыйкандар катышты.

Жаңы лаборатория дыйкандарга топурактын курамын текшерип, жер семирткичти туура колдонууга жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Бул Нарын облусунда айыл чарбаны илимий негизде өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болот.