> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нурдан Орунтаев Ош аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушун текшерди
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/29/nurdan-oruntaev-osh-aeroportunun-zhany-aerobeketinin-kurulushun-teksherdi/
- Published: 2026-09-29T09:02:41.000Z
- Updated: 2026-09-29T09:02:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарында Ош эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, курулушка 2025-жылдын 14-февралында президент Садыр Жапаров капсула салган. Долбоордун аянты 25 443 чарчы метр, 6 корпустуу эки кабат жана жер төлөдөн турат.

Комплекс жылына 5 миллиондон ашык, саатына 900 жүргүнчүнү тейлей алат. Долбоордо заманбап каттоо зоналары, күтүү залы, фуд-корт, эс алуу жайлары жана 650 орундуу унаа токтотуучу жай каралган.

Министр иштерди мөөнөтүндө сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды. Долбоорду Шаар куруу жана архитектура департаменти иштеп чыккан, башкы подрядчы - "Кыргызкурулуш" МИ.

Эскерте кетсек, Ош аэропорту 1974-жылы курулган.