> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тамчыдагы курулушта экологиялык мыйзам бузулуп, 28 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/29/tamchydagy-kurulushta-ekologiialyk-myizam-buzulup-28-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-09-29T07:41:55.000Z
- Updated: 2026-09-29T07:41:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы курулуш объектисинде экологиялык талаптар бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады.**

> Маалыдалгандай, жергиликтүү тургундун кайрылуусунан кийин жүргүзүлгөн текшерүүдө курулуш компаниясынын септиги жана саркынды сууларды башкаруу талаптарга жооп бербегени белгилүү болду.

Натыйжада Укук бузуулар кодексине ылайык компанияга **28 000 сом** айып салынды.

Ошондой эле септиктеги сууларды атайын ассенизатор унаа менен үзгүлтүксүз чыгаруу тапшырмасы берилди.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды жана ишканаларды экологиялык мыйзамдарды сактоого чакырат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**