> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токмокто таштандыны кеч чыгарган "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/29/tokmokto-tashtandyny-kech-chygargan-ekologist-ishkanasyna-17-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-09-29T05:01:38.000Z
- Updated: 2026-09-29T05:01:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Токмок шаарында таштанды чыгаруу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.**

> Маалым болгондой, жарандардын кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада шаарда катуу тиричилик калдыктарын чогултууну "Экологист" ишканасы жүргүзөрү, анын балансында 5 атайын техника бар экени аныкталган.

Текшерүүдө айрым аймактарда таштанды чыгаруу графигинен четтөөлөр болгону белгилүү болду. Буга техникалык жана финансылык кыйынчылыктар, ошондой эле шаардагы жол оңдоо иштери себеп болгон. Оңдоо иштеринен улам айрым таштанды аянтчаларына техниканын кириши кыйындаган.

Мыйзам бузуулар үчүн ишканага Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык **17 миң сом** айып пул салынды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**