> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Минскке барат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/30/adylbek-kasymaliev-zhumush-sapary-menen-minskke-barat/
- Published: 2026-09-30T04:17:35.000Z
- Updated: 2026-09-30T04:17:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Министрлер кабинетинин төрагасы Беларусь Республикасына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат. Отурумда соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле Касымалиев "Иннопром. Беларусь" өнөр жай көргөзмөсүнүн "Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык" аттуу пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Иш-чарага ЕАЭБге мүчө жана байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**