> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дордой конушунда 570 орундуу жаңы мектеп корпусу курулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/30/dordoi-konushunda-570-orunduu-zhany-mektep-korpusu-kuruldu/
- Published: 2026-09-30T07:59:18.000Z
- Updated: 2026-09-30T07:59:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкектеги Дордой конушунда, №94 мектептин жанына 570 орундуу жаңы корпус курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалым болгондой, жаңы корпуста эки нөөмөттө 1000ден ашуун окуучу билим ала алат.

Курулуш 2026-жылдын февралында башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Жалпы аянты 1810 чарчы метр болгон 3 кабаттуу имарат заманбап талаптарга жооп берет.

Азыр ички жасалгалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.Объект окуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, мектеп жетишсиздигин азайтат.