> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# JICA делегациясы “Үмүт үйүнүн” ишмердүүлүгү менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/30/jica-delegatsiiasy-umut-uiunun-ishmerduulugu-menen-taanyshty/
- Published: 2026-09-30T11:17:25.000Z
- Updated: 2026-09-30T11:17:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кече Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) делегациясы Кыргыз Республикасына болгон сапарынын алкагында “Үмүт үйү” карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесине барды.**

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Джунусова катышты. Иш сапар JICA тарабынан КРнын социалдык тармагын изилдөөнүн алкагында уюштурулду.

Мекемеге баруунун негизги максаты — улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүнүн учурдагы системасы жана аларга кам көрүүнү уюштуруу тажрыйбасы менен таанышуу болду.

Сапардын жүрүшүндө JICA делегациянын өкүлдөрүнө мекеменин ишинин негизги багыттары, кам көрүүнү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү жана кызмат алуучуларга социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча кеңири маалымат берилди.

Сапардын жыйынтыгында, Агенттиктин өкүлдөрү сапардын жүрүшүндө алынган маалыматтар талданып, мындан ары улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттары карала турганын билдиришти.